Бүгүн, 18-ноябрда саат 9:30 чамасында "Хаятт" мейманканасынын кызматкерлери кире бериш жактан шек жараткан кутучаны (коробка) байкап, милицияга телефон чалышкан. Сапёрлор келип, тинтүү жүргүзүштү. Жыйынтыгында эч кандай жарылуучу зат табышкан жок. Кутучанын ичинде эч нерсе жок экени аныкталды.