"Таштанды таштоочу полигондун жетекчилиги менен келишим түзгөн жеке ишкерлер жергиликтүү тургундарды сабоодо". Мындай пикирди бүгүн, 18-ноябрда Алтын-Казык жаңы конушунун тургуну Булбул Маматкадырова Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, полигондун жетекчилиги жеке компания менен келишим түзүп, 45 адамды жумушка алган.
"Жеке компаниянын адамдары Замира Акматова деген аялдын башчылыгында полигондогу желим бөтөлкө жана башка кайра иштетүүгө мүмкүн болгон заттарды чогултуп, сорттоп иштешет. Таштандыга эч кимди жолотушпайт. Жакында Өмүрбек деген жергиликтүү тургун иттерине эски нандарды терип жүргөн жеринен Замира деген аял жанындагылар менен аны сабап, велосипедин сындырып кеткен.
Биздин конуш полигонго жакын жайгашкандыктан, тургундар таштандыдан чыккан түтүндөн астма оорусу менен жабыркап, кээ бири каза болуп калууда",- дейт Маматкадырова.
Полигондун директору Алыбек Апасовго бул маселе боюнча бир нече ирет кайрылганын, анын болсо жергиликтүү тургундар менен иши жок экенин кошумчалады.