Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Бишкектин таштанды таштоочу полигонунун акыркы үч жылдагы абалы тартылган видеону көрүштү. Андан агып чыккан суулар Ала-Арча дарыясына кошулуп жатканы, жаныбарлардын сөөктөрү ар кайсы жерде жатканы жана бир нече чакырымга созулган түтүн тартылган. Жыйынга катышып жаткан Алтын-Казык жаңы конушунун тургундары жакында өлгөн иттер тартылган сүрөттөрдү көрсөтүштү.
Аталган полигондун директору Алыбек Апасов мунун баары провокация экенин билдирди. "Мен кызматка бир жыл мурун келгем, бул маалда полигондо бир топ иштер жасалды. Атайын крематорду миллион сомго сатып алганбыз, таштандыдагы жаныбарлардын өлүктөрүн ар бир эки күн сайын жок кылып турабыз. Ал эми Ала-Арча дарыясына түшүп жаткан жаман суулар атайын жасалган арыктар менен барып жатканын аныктадык. Аларды биз бүтөп койдук, кир суу мурункудай эле биздин 3 бассейнге толтурулат",- дейт Апасов.