Бишкекте Биринчи полиграфиялык көргөзмө-жарманке өтөт

Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде 19-21-ноябрь күндөрү Биринчи полиграфиялык көргөзмө-жарманке өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага китеп чыгаруучу уюмдар, жарнама компаниялары, дизайн-студиялар жана башкалар катышат. Көргөзмөнүн алкагында китеп басып чыгаруучу компаниялар өздөрүн тааныштырат. Тегерек столдор жана балдар адабиятынын иллюстрациясы боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.
Иш-чара жаңы бизнес-өнөктөштөрдү табууга, полиграфиялык продукциядагы жаңылыктар менен бөлүшүүгө жакшы өбөлгө түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан