Бишкектиктер кышка көмүр камдашууда (фоторепортаж)

Кылычын сүйрөп кыш келе жатат. Кычыраган суук менен кошо көмүрдүн доору келери бышык. Бишкек шаарындагы отун базаларын кыдырып, "кара алтын" базарындагы кырдаал менен тааныштык. Көмүрдүн 1 тоннасы ("Кара-Кече", "Шабыркүл") учурда 3500-5000 сомго чейин болуп жатса, "Сүлүктү" көмүрүнүн тоннасы 8000 сом экени белгилүү болду.

Көмүр сатуучулар соода начар экенин айтышууда. Алардын билдиришинче, бир түйүндөн күнүнө 3 тоннага чейин гана көмүр сатылып жатыптыр. "Шабыркүл" көмүрү бат күйүп, жылуулукту тез берет, бирок узакка чок кармабайт. Кара-Кече менен Сүлүктүнүкү жайыраак күйгөнү менен, чогу көпкө өчпөй турат. Сүлүктүнүн көмүрү жакшы, бирок жолдун узактыгынан улам баасы кымбатыраак болот. Муну көбүнчө ашкана, чайканалар сатып алышат. Карапайым жашоочулар муну алышпайт",- дешет көмүр сатуучулар.

Көмүр сатып алуучулар кар жааган күндөрү кескин көбөйөт. Азырынча кардарлар аз. Сатуучулар кар калың жаап, сооданын кызышын күтүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mazi1280
2015-11-18 18:48:25
Биринчиден жашоо шарттын тартыштыгы, 2 биз качан керек болмойунча журо беребиз да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан