Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 17-ноябрь күнү шаардагы курулуп жаткан курулуш объектилеринин жүрүшүн текшерип чыкты. Ош мэриясынан билдиришкендей, калаа башчысы Сай-Бою көчөсүндө жайгашкан Футбол академиясынын курулуш иштерин да көрдү.
“Учурда академиянын долбоорлоо сметалык документациялары жана курулуш иштерине тендер өткөрүлүп бүттү. 4 гектар жер аянты Ош шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнүп берилсе, каржылоо үчүн Европанын футбол ассоциациясы (УЕФА) тарабынан 1 миллион АКШ доллары бөлүнгөн. Курулуш иштери бүтүп пайдаланууга берилсе, 60 бала академияда жашап, окуп, профессионалдык футбол менен машыгышат жана бүт шарттар түзүлөт. Келечекте бул жерден дүйнөнү багындырган мыкты футболчулар тарбияланып чыгат деп ишенем. Учурда жер түзөө жумуштарын мэрия бүтүрүп берди. Жакынкы айда курулушка капсула салынып, 2016-жылдын күз айларына бүткөрүлөт”,- деди Кадырбаев.
“Футбол академиясында 2 чоң, 2 кичи футбол аянты, медициналык комплекс, бардык шарттары менен жатакана, машыктыруу мектеби, унаа токтотуучу жай жана башка тиешелүү объектилер курулат. Бул жерге окуучулар кичине кезинен кабыл алынат. 60 бала жашап, 1000ден ашуун балдар-кыздар сырттан келип футбол менен машыгышат жана тажрыйбалуу, дүйнөлүк деңгээлдеги машыктыруучулар окутушат. Мындай академия Орто Азия боюнча жок. Ошондуктан Ош шаарына курулуп жатканына биз аябай кубанычтабыз. Бардык курулуш каражаттары, жабдуулары Италиядан алынып келинет. Учурда 20 тонна курулуш каражаттары алынып келинди”,- деп билдирди эл аралык калыс Бахадыр Кочкаров.