Бишкектин Октябрь районунда мыйзамсыз орнотулган 3 павильон алынды. Муну бүгүн, 18-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган райондун жетекчилиги уруксаты жок коюлган жеңил соода-сатык жайларын демонтаж кылууда. “Бүгүнкү күндө район боюнча 115 павильон алынды. Мындай иш-чаралар улана берет жана район акими Болот Алымкуловдун өз көзөмөлүндө жүргүзүлөт”,- деп айтылат маалыматта.