Ош облусунда катталган жер титирөөнүн кесепеттерин тактоо иштери жүргүзүлүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан 18-ноябрда билдиришкендей, азыркы учурда жер-жерлерден алгачкы маалыматтар түшө баштады.
Кара-Суу районунда катталган жер титирөөнүн кесепеттерин атайын түзүлгөн ыкчам топтор бүгүн Кызыл-Суу айыл аймагындагы Чайчи айылында, Катта-Талдык айыл аймагындагы Талдык айылында, Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы Бек-Жар айылында, Нариман айыл аймагындагы Каратай, Лангар айылдарында, Мады айыл аймагындагы Лаглан жана Тээке айылдарында тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.
Саат 14:00гө алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Чайчи айылы боюнча 59 турак жай текшерилди. 6 турак жай жарым-жартылай кыйраган болсо, 30у авариялык абалда, 8и капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж, 15и канааттандырарлык деп табылды. Ал эми Тээке айылында 51 турак жай текшерүүгө алынды, авариялык абалда турак жайлар жок, 11 турак жайдын дубалдарында жаракалар пайда болгон.
Талдык, Бек-Жар, Каратай, Лангар, Лаглан айылдарында 47 турак жай текшерилди. Лангар айылындагы Кулбаев орто мектебинин 2-кабатынын дубалдарында майда жаракалар кетип, айрым жерлеринде шыбактары түшкөн. 7 турак жайдын дубалдарында, пайдубалдарында жаракалар пайда болгон.
Алай районунда катталган жер титирөөнүн кесепеттерин жеринде көрүп, аныктоо максатында 5 топтон турган Жарандык коргонуу комиссиясы ӨКМнын райондук бөлүмү менен биргеликте Жошолу айыл аймагында, Корул айыл аймагында, Коңур-Дөбө айыл аймагында, Гүлчө айыл аймагындагы Таш-Короо айылында тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
Коңур-Дөбө айыл аймагынын Боз-Караган айылынын тургуну Муктарбек Сарыбашов үйүнүн дубалынын 3 чарчы метр жери кулап түшкөндүгүн билдирген. Ал жерге ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ жөнөп кеткен.
Өзгөн районунда 5 топтон турган Жарандык коргонуу комиссиясы ӨКМнын райондук бөлүмү менен биргеликте Кара-Таш жана Жалпак-Таш айыл аймактарында иш жүргүзүп жатат.
Кара-Кулжа районунда катталган жер титирөөнүн кесепеттерин жеринде көрүп, аныктоо максатында 3 топтон турган Жарандык коргонуу комиссиясы ӨКМнын райондук бөлүмү менен биргеликте Кеңеш айыл аймагындагы Пор айылында, Карагуз айыл аймагындагы Түшүнүк айылында, Сары-Булак айыл аймагындагы Кара-Булак, Кызыл-Булак, Тегерек-Саз жана Конокбай-Талаа айылдарында тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
Чоң-Алай районунда катталган жер титирөөнүн кесепеттерин жеринде көрүп, аныктоо максатында 2 топтон турган Жарандык коргонуу комиссиясы ӨКМнын райондук бөлүмү менен биргеликте Чоң-Алай, Жекенди жана Кашка-Суу айыл аймактарында тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жогоруда аталган райондордо катуу кыйроолор болгон жок жана адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.