Бүгүн, 18-ноябрда Бишкекте билим берүүгө инвестиция салуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана кыргыз жергесиндеги билим берүүнү колдоого кызыкдар компаниялардын жана уюмдардын конкреттүү иш-аракеттери талкууланып жатат. Талкуунун жүрүшүндө катышуучуларга билим берүүнү колдогон программалардын долбоорлору сунушталды. Иш-чарага КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, ЮНИСЕФтин өкүлчүлүгү жана бизнес коомчулугу катышууда.
Кошумчалай кетсек, иш-чара дүйнөдө жыл сайын 20-ноябрда белгиленип келаткан Балдардын укуктары тууралуу Конвенциянын кабыл алынганын майрамдоонун алдында өтүп жатат. Кыргыз жергесинде 1994-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Конвенция ратификациялаган.