Өлкөдө 4-класстын окуучуларынын 65 пайызы математика, китеп окуу жана түшүнүү боюнча эң начар көрсөткүчтөргө ээ болушкан. Муну бүгүн, 18-ноябрда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди.
Сариеванын айтымында, 8-класстын окуучулары кыргыз тили, адабияты жана кыргыз жергесинин тарыхы боюнча жакшы бааларды алышкан. Ошол эле маалда математика, химия, физика жана биология сабактарынан начар көрсөткүчтөргө ээ болушкан.
«Бүтүрүүчү класстар боюнча айтсак, окуучулардын 40-47 пайызы тарых, кыргыз тили жана адабияты боюнча гана толук «4» деген баага жооп бере алышкан. Ал эми балдарыбыз мектепте жакшы окушат делгени менен, артыкчылык аттестатка тест тапшырганда жана жалпы республикалык тестирлөөдө алардын билим деңгээли төмөн болуп калууда»,- деди министр.