Кыргыз өлкөсүндө доллардын курсу кайрадан көтөрүлүп жатат. 18-ноябрда Бишкектеги жеке акча алмаштыруучу жайлар 1 долларды 72 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 73 сом 20 тыйындан сатып жатышкан. Бүгүн, 19-ноябрда да (саат 08:30га карата) бул көрсөткүч өзгөрүүсүз калууда. Мындан бир апта мурун акча алмаштыруучу жайлар долларды 72 сом 20 тыйындан сатып алышып, 72 сом 80 тыйындан сатып жатышкан. Сомдун туруктуулугун сактоо үчүн Улуттук банк 12-ноябрда эле 14,2 миллион доллар суммасында интервенция жасаган эле.