20-21-ноябрда жаан-чачындуу аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты бүгүн, 19-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү жана жолдордун тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.