"Сирияга кетип жаткандарды катуу жазага тартуу керек". Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин 19-ноябрдагы жыйынында айтты. Икрамов Сириядан кайтып келген адамдардын үй-мүлкүн конфискациялоо керектигин да белгиледи. "Мүмкүн болушунча катуу жазага тартпасак, эч качан Сирияга кетип жаткандардын агымын токтото албайбыз",- деди ал.
Ошондой эле "балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн жарандарга да жазаны катуулатуу керек" деген оюн кошумчалады.