Бишкекте 1-полиграфиялык көргөзмө-жарманке ачылып, ага 35 компания катышууда (фоторепортаж)

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде 1-полиграфиялык көргөзмө-жарманке ачылды. Ага өлкөдөгү 200дөн ашык китеп чыгаруучу компаниялардын 35и гана катышууда. Иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги жана “Кыргыз китеп” мамлекеттик мекемеси уюштурууда. Көргөзмө 19-21-ноябрь күндөрү өтөт.

“Кыргыз китептин” директорунун орун басары Толкун Кызаева буларга токтолду: “Көргөзмө эки максатта өткөрүлүүдө. Биринчиден, полиграфиялык компаниялар өздөрүнүн продукциясын элге көрсөтүп, өнөктөштөрдү табышсын дедик. Экинчи максаты: 2016-жылы мамлекеттик буйрутма менен 34 миллион 100 миң сомго кыргыз тилинде балдар адабиятын чыгаруу каралган. Бул боюнча тендер быйыл декабрда өтөт. Ага чейин биз өлкөдөгү ири полиграфиялык компаниялардын чыгарган продукциясын көрөлү дедик”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан