Ош шаарындагы 48 мектепке кошумча интерактивдүү такталар таратылууда

Ош шаарындагы 48 мектепке 480 сааттык окутуу программасы боюнча интерактивдүү такталар таратылууда. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, бүгүнкү күндө шаардын бардык мектептери интерактивдүү такталар менен толук камсыз болгон.

Маалыматка ылайык, мындай такталар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 480 сааттык программасы бар мектептерге бекер таратылууда. Аталган башкармалык бул көрүнүштү билим берүүгө чоң көңүл бурулуп, билим сапатын көтөрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат деп баалайт.

Белгилей кетсек, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын мектептеринин мугалимдерине интерактивдүү такталарды колдонуу боюнча сабактар өткөрүлүү менен бирге, анын колдонулушу, үзгүлтүксүз иштеши, канча сабак өткөндүгү, графиги тууралуу маалыматтар менен толук кабардар болуп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан