“Шарли-Эбдо” журналы жаңы санын Париждеги теракттын курмандыктарынын карикатуралары менен чыгарды

Мухаммед пайгамбардын карикатурасын жарыялап, террорчулардын чабуулуна кабылган “Шарли-Эбдо” журналы акыркы аптадагы жаңы санын Париждеги теракттын курмандыктарынын карикатуралары менен чыгарды. Журнал буга чейин сууга чөгүп мерт болгон сириялык качкын бала, Египетте кулаган орусиялык учак боюнча карикатураларын басып чыгарып, дүйнө коомчулугунун сынына кабылган эле.

Карикатураларда "Аларда атуучу курал бар. Бизге баары бир. Бизде шампан бар!", канга толгон раковинада бокал жууп жаткан Эдит Пиафка окшош аялдын сүрөтү тартылып, "Париж Париж бойдон калат. Ал эми мен өзүмдүн кафемде стаканды сүртөм" деп жазылган.

Аны менен катар журналда: "Январдагы теракттан кийин да террордук чабуул болорун баамдаганбыз. Бизге алар кадимки согуш учурундагыдай снаряддар менен чабуул жасачудай күтүп жаттык. Черчилль кан төгүлөрүн жана көз жаш агарын алдын ала айтып кеткен. Эч нерсеге моюн сунбай, коркпой, чечкиндүүлүк менен париждиктер 2015-жылы Лондондун 1940-жылдагы жашоочуларына айланып кетишти. Коркуткусу келген террорчулардын аракетине ушул жалгыз жооп",- деген билдирүү жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
basyz-kaman.
2015-11-19 15:04:39
Ушул журналды жаптырып салыш керек болчу, пайгамбарыбыздын суротун карикатуралап чыгарган учурда эле. Баардык мусулмандар биригип туруп, ООНго кайрылып.
+11
MAN-CITY
2015-11-20 00:17:34
Шарли ХХХ
0
admin_portal
2015-11-20 10:50:43
MAN-CITY - эскертүү!
Этика нормаларын сактаңыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан