2015-жылы мамлекеттик инвестициялардын алкагында 68 долбоор ишке ашты

2015-жылы мамлекеттик инвестициялардын алкагында 68 долбоор ишке ашты. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрдагы маалымат жыйындын жүрүшүндө каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков билдирди. Анын айтымында, 10 ай ичинде долбоорлор 6,7 миллиард сомго каржыланды.

Анын ичинен 6,3 миллиард сому тышкы каржылоонун эсебинен эсептелет. Мунун ичинен 4,9 миллиарды насыя катарында каралса, дагы 1,4 миллиард сому грант түрүндө каржыланды. Мындан тышкары 350 миллион сом республикалык бюджеттен кош каржылоо катарында берилген болчу. Бул көрсөтүлүп жаткан жардам экономиканын ар кайсы тармактарына багытталган: транспорт, энергетика, айыл чарба жана социалдык тармактарга. Бүгүнкү күндө эң ири мамлекеттик долбоор ишке ашырылып жатат: Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун реабилитациялоо, Бишкек-Нарын-Торугарт жолу, Ош-Исфана, Тараз-Талас-Суусамыр жолдору каржыланууда. Ал эми энергетика тармагында "Датка" подстанциясынан "Кемин" подстанциясына чейинки линияны бүтүрдүк. Мындан тышкары дагы башка долбоорлор каржыланды”,- деди министрдин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан