Бишкектин Махатма Ганди көчөсүндө түнкү чырактарды капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери башталды. Муну бүгүн, 19-ноябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына таянып билдирди.
Белгилүү болгондой, оңдоп-түзөө иштери Махатма Ганди көчөсүнүн Херсонская көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүрөт. Учурда электромонтаждык жумуштар аталган көчөнүн Жибек-Жолу көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгүндө бүткөнү айтылды. Бардык жумуштарды ушул айдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Аталган көчөгө коюлуп жаткан заманбап жарыктандыргычтар эски лампаларга караганда электр энергиясын 2 эсе аз сарптай турганы айтылды.