Ошто каникул учурунда окуучулар үчүн атайын программалар уюштурулмакчы

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жалпы билим берүүчү мектептер менен биргеликте окуучулардын кышкы каникулу учурунда аткарылуучу иштерди иштеп чыкты. Ага ылайык, кышкы каникулга карата мектеп окуучулары шаардагы музейлерге, кооз жайларга, облустук жана шаардык китепканаларга, кинотеатрларга барышып, жогорку окуу жайлардагы Ачык эшиктер күндөрүнө катышышат.

Ошондой эле шаардан сырткары Ош-Алай маршрутундагы "Чыйырчык" лыжа базасына барып, лыжа жана чана тээп ден соолукту чыңдоо, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештерди уюштуруу, окуучулардын билимин жогорулатуу багытында түрдүү окуу борборлоруна, ийримдерге катышуу менен аларга семинар-тренингдер, тегерек столдор өткөрүлөрү каралган.

Кошумчалай кетсек, күзгү-кышкы каникулдар 30 күнгө созулат. Анын 25 күнү кышкы болсо, 5 күнү - күзгү каникул. Кышкы каникул 31-декабрдан 2016-жылдын 24-январына чейин болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан