Ош облусундагы Жарандык коргонуу боюнча комиссия тарабынан жер титирөөдөн зыянга учураган 3000ден ашуун турак үй текшерүүдөн өткөн. Мындан сырткары 115 социалдык объект текшерилген. Бул тууралуу 19-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөөдөн зыянга учураган Кара-Суу районундагы үйлөрдүн абалы менен таанышууга барган премьер-министр менен өзгөчө кырдаалдар министри өкмөт тараптан жардам берилерин билдиришкен эле. Турак жайы кооптуу абалга келген жарандар 50 чатырга жайгаштырылды. ӨКМнын башчысы Кубатбек Боронов дагы 100 чатыр берилерин айтты.