Жалал-Абадда "ИГИЛ - бул ислам эмес" деген баракчалар таратылууда (фото)

Жалал-Абадда диний-радикалдык экстремизм жөнүндө жана жарандардын тыюу салынган диний агымдарга кирип кетүү коркунучтары тууралуу калкка маалымдоо жолугушуулары күчөтүлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-ноябрда Сузак районунун администрациясынын чоң залында жергиликтүү тургундарга диний экстремизм жана тыюу салынган диний агымдарга жарандардын кирип кетүү көйгөйү жөнүндө маалымат берүү максатында облустук милиция башкармалыгынын демилгеси менен түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп жатат.

"Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар, аялдар, жаштар өкүлдөрү, дин кызматкерлери, жергиликтүү мечиттин имамдары катышууда. Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчилиги диний радикализм, экстремизм, жана жаштардын тыюу салынган агымдарга кирип кетүүсү тууралуу видео көрсөттү. ОшМУнун теология факультетинин кафедра башчысы Зайнабидин Ажымаматов “Көйгөйдү ислам көз карашы менен чагылдыруу” деген аталышта лекция окуп берди",- деп жазылат маалыматта.

"Жарандарга азыркы учурдагы Сирияга адашып, азгырылып кеткендер тууралуу кенен талкуу жана түшүндүрүү иштери Сузак РИИБинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. Аны менен бирге диний экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү багыты боюнча, мыйзамсыз миграция иштерин уюштурууга каршы күрөшүү багыты боюнча бир топ аткарылып жаткан жумуштар жана пландар ортого салынды",- деп билдирет мекеме.

Мындан тышкары облустук милициянын басма сөз кызматы аталган иш-чараны Сузак РИИБинин 10-бөлүмү, УКМК, "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фонду уюштурганын билдирди. "Түшүндүрүү иштери Сузактын калган айылдарына да жүргүзүлөт. Буга чейин бир топ айылдарда ушундай иш-чаралар жүргүзүлгөн",- деп баса белгилешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Abdurahman
2015-11-19 16:40:42
Эн туура иш жургузушуптур азаматтар,ушундай иш чаралар тушундуруу иштери коп болсо Сирияга азгырылгандардын саны да азаят эле
+6
Abdurahman
2015-11-19 16:42:01
Колдойм! "Исламда террор,терроризмде ислам жок"
+4
Azim.00kg
2015-11-19 16:45:57
ооба коптон бери таратып атышат.
+3
miron86
2015-11-19 17:08:39
Зайнабидин аке АЛЛАХ ыраазы болсун сизден.Коп иштерди колго алып жатасыз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан