2015-жылдын январь-октябрында билим берүү объектилеринин курулушуна бюджеттен 1 миллиард 252 миллион сом жумшалган. Бул туурасында бүгүн, 19-ноябрда маалымат жыйынында каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков кабарлады. Анын айтымында, 2015-жылга такталган бюджетте «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 4 миллиард 763,6 миллион сом каралган.
2015-жылдын 1-ноябрына карата иш жүзүндө 3 миллиард 286 миллион сом каржыланган. Анын ичинен билим берүү объектилеринин курулушуна 1 миллиард 252 миллион сом (мектептерге 1 миллиард 189 миллион сом, бала бакчаларга 63 миллион сом), саламаттык сактоо объектилеринин курулушуна 176 миллион сом, маданият жана спорт объектилеринин курулушуна 53 миллион сом, жол тармагына (автоунаа жолдоруна жана көпүрөлөргө) 1 миллиард 44 миллион сом бөлүнгөн.
Калган каражаттар турак жай-коммуналдык чарба объектилеринин, суу чарба курулмаларынын жана башка объектилердин курулушуна жумшалган.