Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад жолунун курулушу 2018-жылы толук аягына чыгат

Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад жолунун курулушу 2018-жылы толук аягына чыгат. Бул туурасында депутат Иса Өмүркулов бүгүн, 19-ноябрда “Парламент” радиосуна берген маегинде айтты. Депутат жолду курууда заманбап стандарттык талаптар аткарылып жатканын белгиледи.

“Көп жыл мурда пайдаланууга берилген Ош – Бишкек жолун салып жатканда оор жүк ташуучу унаалар анчалык көп эмес болчу. Ал кезде ошол шарттагы жол куруу параметрлери колдонулган. Ал эми азыркы Жалал-Абад жана Балыкчы шаарларын туташтыруучу альтернативдүү жолду курууда заманбап талаптарды сактаган стандарттар сакталууда”, - дейт И.Өмүркулов.

Депутаттын айтымында, 2-категорияда курулуп жаткан альтернативдүү жолду салууга бөлүнгөн каражаттар жалгыз гана жолдун салынышына эмес, анын жээгиндеги жолдорго, ирригациялык системдер менен көпүрөлөргө жана тоннелдерге, ошондой эле айрым жерлердеги жол жээктериндеги жарык берүүчү системдерге да жумшалат.

Жалал-Абад жана Балыкчы шаарларын туташтыруучу курулуп жаткан альтернативдүү жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Анын жалпы сметалык наркы 850 миллион долларга бааланган. Жол куруу процесси 3 фазадан турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан