Дем берүүчү гранттардын эсебинен 468,9 миллион сомго жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 358 долбоору каржыланды

2015-жылдын 1-ноябрына карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен 468 миллион 948,6 миң сом суммасындагы 358 долбоор каржыланды. Бул туурасында бүгүн, 19-ноябрда маалымат жыйынында каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашырууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 829,1 миллион сом суммасындагы 341 жаңы долбоору жана 37 миллион сом суммасындагы былтыркы жылдан өткөн 72 долбоор жактырылып, бекитилген.

Белгилүү болгондой, долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген отчёттордон көз каранды (суралган суммага жана талап кылынган көлөмгө жараша үлүштүк (дем берүүчү) грант отчёт берилгенден кийин долбоордун тибине жараша каражаттар кандай өздөштүрүлгөнүн эске алуу менен берилет).

Сөз арасында Улукбек Кармышаков долбоорлордун басымдуу бөлүгү – 229 долбоор билим берүү секторунда ишке ашырылгандыгын, анын 146сы – мектептер, 83ү бала бакчалар экендигин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан