Борбордон барган адистер Жалал-Абаддын милициясынын тергөөчүлөрү үчүн ачык семинар өткөрүштү

Жалал-Абад облустук милиция башкармалыгынын кызматкерлери үчүн ачык семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөөчүлөрдүн кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында ИИМдин колдоосу менен Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалар боюнча мамлекеттик борбору
методикалык-экспертизалык, материалдык жардам көрсөтүү, суроо-талаптарын угуу боюнча ачык семинар өткөрдү.

"Бул семинар милициянын облустук башкармалыгынын залында өтүп, ага район-шаарлардын ички иштер кызматынын тергөө бөлүмдөрүндө иштеп жаткан тергөөчүлөр, криминалист-эксперттер катышты. Жыйында ар бир адис өздөрүндөгү жаңы багыттагы ыкма-тажрыйбаларын кызматкерлерге тааныштырды. Тергөөчүлөр тарабынан көйгөйлүү суроолор жана сунуштар берилип, алар кенен жоопторду ала алышты",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан