Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы базардын айланасында иретсиз жайгашып соода-сатык жүргүзүп жаткан соодагерлер менен жолугушту. Бул тууралуу 20-ноябрда өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө соодагерлер муниципалдык ишкананын жана шаардык милициянын кызматкерлери тарабынан орундарынан куулуп, жайып саткан товарларын мажбурлап жыйнап жатканын билдиришип, маселени чечип берүү өтүнүчүн айтышты.
Облус жетекчиси базар айланасы иретке келтирилип жатканын билдирди. Тазалыкты сактоо менен кардарлардын ыңгайлуу шартта, сапаттуу азык-түлүк жана кийим-кече менен камсыздоо учурдун талабы экенин белгилеп, соодагерлерди ынтымакка чакырды. Андан соң Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси Мухамбеткадыр Мамбетакуновго базар сыртында иретсиз жайгашкан соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларга "Он-Арча", "Чолпон" соода түйүндөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшүп, соода орундары менен камсыз кылууну тапшырды.