Бишкекте бүгүн, 19-ноябрда өлкөдөгү күч түзүмдөрүндө эмгектенген айымдар арасында сулуулар сынагы өттү. Анда Бажы кызматы, Улуттук гвардия, ИИМдин Күзөт кызматы жана Чек ара кызматында иштеген айымдар күч сынашты.
“Мен күчтүүмүн” сынагында айымдар аскердик даярдыгын көрсөтүшсө, “Погонсуз үйдөмүн” сынагында ашканадагы мыктылыгын көрсөтө алышты. Ошондой эле бийлеп, ырдаган погончон айымдар кече көйнөктөрү менен да чыгышты.
Жыйынтыгында Чек ара кызматында 7 жылдан бери иштеген Нургүл Асатова менен Улуттук гвардиянын кызматкери Айпери Кыдырмаева баш байгеге ээ болушту.
"Погончон сулуу-2015" сынагында жигиттерден кем калышпай ат үстүндө өнөр көрсөтүп, таш кордо,
бешбармактан даам таттырган сулуулар тууралуу видеорепортажды "СуперТВ" бөлүмүнөн көрө аласыздар.