Орусиядагы саякат тууралуу журнал жүргүзгөн сурамжылоонун негизинде кыргыз жери
фотограф-туристтердин тандоосу боюнча алдынкы орунга чыгып, "Фототур үчүн мыкты аймак" номинациясында жеңишке жетти. Москва шаарында 19-ноябрда сыйлык тапшыруу аземи болгонун КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.
Туристтер 2015-жылдын июнь-ноябрь айларынын аралыгында 18 номинация боюнча тандоо жасашкан. Анда 250 миңдей турист добуш берип, жеңүүчүлөр аныкталган.
Өткөн жылы орусиялык туристтердин тандоосу боюнча СССР учурундагы мыкты 10 курорттук аймактын ичинен Ысык-Көл биринчи орунду ээлеген.
Бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси, саякатчы, сүрөтчү Даниил Кордандын кыргыз жеринде тарткан сүрөттөрү 2013-2014-жылдары Орусиядагы саякатчылар журналына жарыяланган.