Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы 10 айда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 тонна 964 килограмм 512 грамм баңгизатынын ар кандай түрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда аталган мекеменин төрагасы Рафик Мамбеталиев билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч өлкө боюнча укук коргоо органдары кармап алган 28 тонна 226 килограмм 816 грамм баңгизатынын 17,59 пайызын түзөт. «Быйыл 2014-жылдын 10 айына салыштырмалуу 698 килограмм 115 граммга көбүрөөк баңгизат кармалды. Былтыр 4 тонна 266 килограмм 397 грамм баңгизат алынган. Ошондой эле өтүп кеткен 10 айда 278 баңги кылмышы аныкталды. Бул өлкөдө катталган баңги кылмыштарынын 18,16 пайызын түзөт. 2015-жылы республикада аныкталган баңги кылмыштарынын жалпы саны 1530»,- деди Мамбеталиев.