“Бүгүнкү күндө жаштардын арасында спайс кеңири жайылып бара жатат”. Мындай пикирин бүгүн, 20-ноябрда маалымат жыйында Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Рафик Мамбеталиев билдирди.
Учурда өкмөттүн тапшырмасы менен буга бөгөт коюу максатында бардык мекемелердин өкүлдөрү кирген жумушчу топ түзүлгөнүн белгилеп: “Жакын арада биз ошол эле маңзатты алып келип, сатып жана таратып жаткандарды мыйзам чегинде жоопко тартабыз. Бүгүнкү күндө Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы толук кандуу үч багыт боюнча жумушту күчөтүүдө:
1. Ири өлчөмдө мыйзамсыз баңгизаттарын жүгүртүүдөн алуу;
2. Ошол эле баңгизаттарга аралашып, сатышып, өздөрү жардам берип, көмөк көрсөтүп жүргөн укук коргоо органдарына бөгөт коюу;
3. Кыргыз жергесинин түндүк маршруту аркылуу ири өлчөмдөгү баңгизаттар Казакстанга, Орусияга, андан ары Европага чыгууда. Ошол каналга бөгөт коюу”,- деди Мамбеталиев.