19-ноябрдан 20-ноябрга караган түнү Ош шаарында №25-СИЗОдо отурган жаран асынып өлдү. Маалыматты бүгүн SUPER.KG`ге укук коргоо тармагындагы жеке булактарыбыз кабарлашты. Фактыны Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан да ырасташты.
Маалыматка ылайык, өз жанын кыйган жаран - Козубаев Дүйшөбек Абылкасымович. 1991-жылы туулган бул жаран Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен өмүр бою эркинен ажыратылганы белгилүү болду.
СИЗОдо отурган эки жаран бир түндө өмүрүн кыйды. Буга чейин №1-СИЗОдо отурган №50-СИЗОнун мурунку жетекчиси Иманкул Телтаев асынып каза болгону кабарланган.
Айрым укук коргоочулар буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркулов "түрмөдөн качуу" окуясына байланыштуу кызматтан токтоосуз кетиши керектигин айтып чыгышкан.