Ош облусундагы жер титирөөдөн улам турак жайсыз калган үй-бүлөлөр үчүн мектептерден 20 класс бошотулуп берилди. Бул тууралуу 20-ноябрда билим берүү министри Эльвира Сариева билдирди.
"Жер титирөөдөн жабыркап, үйсүз калган үй-бүлөлөргө жардам катары убактылуу жашоо үчүн Кызыл-Суу айылындагы Нышанбаев жана Бактыгулов атындагы мектептерден 20 класс бошотулуп берилди. ӨКМ жууркан-төшөктөрдү берип жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, 84 үй-бүлөнүн үйү зыянга учураган",- дейт министр.