Ош мэриясынын алдындагы ишкана кызматкерлеринин бир күндүк маянасы жер титирөөдөн жабыркагандарга которулат

Ош шаарында жергиликтүү бюджеттен айлык акы алган бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам катары берилет. Тийиштүү тапшырманы шаар мэри А.Кадырбаев берген. Кызматкерлердин эмгек акылары атайын эсепке которула баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

"Кырсыкка байланыштуу атайын жумушчу топ түзүлүп, жер титирөөдөн зыянга учураган элдин абалын көрүп, аларга азык-түлүк, жылуу төшөнчүлөр жана башка керектүү жардамдар жеткирилет. Алгачкы жардамдар 21-ноябрдан баштап берилет. Ош шаарынын мэриясы жалпы шаар тургундарын кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүүгө чакырат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Elanda
2015-11-20 15:00:39
Которосунар деп буйрук чыкса которобуз да. (((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан