Өлкөдө балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктардын 90 пайызы жакын туугандары тарабынан ишке ашат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте өткөн тегерек столдун жүрүшүндө эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, балдарды зордуктоо фактылары жашоонун кыйын кырдаалына туш болгон үй-бүлөлөрдө көп болууда.
«Зомбулукка учураган жаш балдардын 10 пайызы гана көчөдө белгисиз адамдар тарабынан кыйноого алынган. Ал эми басымдуу бөлүгү өз атасы, таякеси, агасы жана башка жакын туугандары тарабынан кордолгону бизди өтө өкүндүрөт. Тилекке каршы, мындай фактылар буга чейин деле болуп келген, бул жаңы пайда болгон зөөкүрчүлүк эмес. Буга чейин ал коомчулуктан жашырылып келген.
Кылмышка барардын алдында адам баласы коркуш керек. Ошондуктан балдарга карата зомбулук көрсөткөн кылмышкерлерге өлүм жазасын киргизүү зарыл. Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен Кылмыш жана жаза кодексине ушундай сунуштарды киргизебиз»,- деди министр.