Жыл башынан бери 5509 жаш бала жашоонун кыйын кырдаалына туш болгону аныкталган

Жыл башынан бери 5509 жаш бала жашоонун кыйын кырдаалына туш болгону аныкталган. Муну бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте өткөн тегерек столдун жүрүшүндө эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, 4033 балага же 73 пайызына жардам көрсөтүлүп, кыйынчылыктан чыгарылды.

«Быйылкы жылдын 10 айында 1705 бала кароосуз калган. Алардын ичинен 1343 балага үй-бүлөлөр табылды. 82 жашы жете элек бала биологиялык ата-энеси менен бирикти жана 65 наристе үй-бүлө тибиндеги үйлөргө жөнөтүлгөн. Ар бир бала үй-бүлөдө өсүш керек. Бул үчүн мамлекет жана коомчулук жапа тырмак иш алып барышы кажет»,- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан