"Актилек эр жүрөк, тайманбас жигит болчу",- деди SUPER.KG порталына Актилек Абдубалиев менен чогуу иштеген шериги, милиция кызматкери Арыстанбек Кенжебаев.
"Биз Актилек экөөбүз 2012-2014-жылдары Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгында чогуу иштегенбиз. Ал эч нерседен коркпогон, тың жигит болчу. Жумушту так аткарчу. Анын чоң пландары бар эле. Жаткан жери жайлуу болсун",- деди Кенжебаев.
Эскерте кетсек, Бишкектин 8-кичи районундагы 38-үйдүн жанынан 2 адам аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди атып өлтүргөн. Андан соң кылмышкерлер велосипеддер менен 7-кичи район тарапка качышканы аныкталган. Азыркы тапта аларды издөө иштери уланууда. Абдубалиевди өлтүргөндөр тууралуу маалыматка ИИМ 1 миллион сом берүүнү убадалаган.
ИИМден билдиришкендей, кенже лейтенант Абдубалиев Актилек Асанович 1989-жылдын 3-мартында Жалал-Абад облусунун Кашка-Суу айылында туулган. 2012-жылдан тарта милицияда иштеп, өзүн мыкты кызматкер катары көрсөтө алган. Ал бир топ чуу жараткан кылмыштардын бетин ачкан.