Өлкөдө мектепке барбаган 80 миң баланын укуктары бузулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте өткөн тегерек столдун жүрүшүндө Балдардын укуктарын коргоочу лиганын директору Жазгүл Турдубекова билдирди.
Анын айтымында, мектепте окууга керектүү болгон акча каражаты жок балдар ата-энесине жардам берүү максатында иштегенге мажбур болушууда. “Биринчиден, бул нерсе алардын билим алууга болгон укугун бузат. Экинчиден, жашы жете элек балдар жумуштун оордугунан ден соолугуна зыян келтиришүүдө”,- дейт адис.
Турдубекова кошумчалагандай, балдары мектепке барбаган үй-бүлөлөрдө зомбулук фактылары да көп катталат. “Ата-энесинин камкордугу жетишсиз болгон жерде бала зөөкүрлөр астында алсыз болот. Зордук-зомбулукка учураган наристелердин үй-бүлөлөрүндө көбүнчө аракечтик күч алган. Же болбосо ата-энеси алыс жакта болуп, жаш балдар туугандарыныкына калтырылышат. Кээде жашы жете электер кошуна-колоңдор жана апасы менен жашаган эркектер (өгөй ата) тарабынан кыйноого алынышат”,- деди Турдубекова.