Бүгүн, 20-ноябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда саат 11:00 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 73-74-76-80-82-85-чакырымдарында болжол менен көлөмү 60,000 куб метр кар көчкү түшкөн. Тазалоо иштерине 3 бульдозер жана 1 жүктөгүч тартылып, саат 17:50дө жол толугу менен ачылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.