Бүгүн, 21-ноябрда милиция кызматкери Актилек Абдубалиевдин сөөгү туулган жерине коюлат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун кесиптештери билдиришти.
Алардын айтымдарында, жерге берүү зыйнаты бүгүн түштөн кийин өткөрүлмөкчү. "Актилек үй-бүлөдө улуу бала болгон. Артында ата-энеси, карындашы жана иниси калды. Ал ишти аягына чыгара турган, абдан жакшы жигит эле. Актилек Оштогу милиция кызматында иштеп жүргөндө оор кылмыштардын бетин ачкан. Кийин кызматтан көтөрүлүп, Бишкекке жөнөтүлгөн",- дешти Актилектин кесиптештери.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда саат 20:00 чамасында Бишкектин 8-кичи районундагы 38-үйдүн жанынан 2 адам аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди атып өлтүргөн. Андан соң кылмышкерлер велосипеддер менен 7-кичи район тарапка качышканы аныкталган. Азыркы тапта аларды издөө иштери уланууда.
Ички иштер министрлиги Абдубалиевдин жакындарына акчалай жардам көрсөтмөкчү. Ал эми аны өлтүргөндөр тууралуу маалыматка министрлик 1 миллион сом берүүнү убадалаган.
ИИМден билдиришкендей, кенже лейтенант Абдубалиев Актилек Асанович 1989-жылдын 3-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айылында туулган. 2012-жылдан тарта милицияда иштеп, өзүн мыкты кызматкер катары көрсөтө алган. Ал бир топ чуу жараткан кылмыштардын бетин ачкан.