Жалал-Абад облусунун аймагында бүгүн, 21-ноябрда үч ирет жер титирөө катталды. Алгач саат 06:15те катталып, очогунда 5 балл, экинчи ирет 06:46да болуп, очогунда 2,5 баллга жетти. Андан кийин саат 08:35те катталып, очогунда 4-4,5 баллга жетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыйроолор жана жабыркагандар жок экенин билдирди. Учурда тактоо иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.