Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолунун 84-чакырымында 21-ноябрда саат 03:00 чамасында болжол менен 2400 куб метр кар көчкү түшкөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тазалоо иштерине 1 бульдозер жана 2 жүктөгүч тартылып, саат 08:00дө жол толугу менен ачылганын билдирди.