Бүгүн, 21-ноябрда Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кашка-Суу айылында милиция кызматкери Актилек Абдубалиевдин сөөгү жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу иш-чарасына Актилектин туугандары, жакындары, кесиптештери, достору, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун жердештери билдиришти.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда саат 20:00 чамасында Бишкектин 8-кичи районундагы 38-үйдүн жанынан 2 адам аймактык милиция кызматкери Актилек Абдубалиевди атып өлтүргөн. Андан соң кылмышкерлер велосипеддер менен 7-кичи район тарапка качышканы аныкталган. Азыркы тапта аларды издөө иштери уланууда.
Ички иштер министрлиги Абдубалиевдин жакындарына акчалай жардам көрсөтмөкчү. Ал эми аны өлтүргөндөр тууралуу маалыматка министрлик 1 миллион сом берүүнү убадалаган.
ИИМден билдиришкендей, кенже лейтенант Абдубалиев Актилек Асанович 1989-жылдын 3-мартында Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кашка-Суу айылында туулган. 2012-жылдан тарта милицияда иштеп, өзүн мыкты кызматкер катары көрсөтө алган. Ал бир топ чуу жараткан кылмыштардын бетин ачкан.