Ош аэропорту бүгүн саат 17:00гө чейин жабылды. Аэропорттун маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, мындай чечим бүгүнкү учак кырсыгына жана аба ырайынын начардыгына байланыштуу кабыл алынды.
"Аэропорт алгач 10:00гө чейин жабылган, кийин 17:00гө чейин жабууга туура келди. Андан кийин кабыл алуу жана узатуу иштери улантылат",- деди маалымат кызматынын өкүлү. Ал эми учурда аталган аэропортто учак кырсыгынын себеби иликтенүүдө.
Эскерте кетсек, бүгүн, 22-ноябрда таңкы саат 7:56 чамасында 148 жүргүнчүсү менен Орусиянын Красноярск шаарынан Ошко сапар алган учак конуу учурунда тилкеден чыгып кетип кырсыкка кабылды. Учакта жалпы 148 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү бар болгон.
Маалыматтарга караганда, бир жүргүнчү жана бир экипаж мүчөсү жеңил жаракат алган. Ал эми учактын сол канаты жана дөңгөлөктөрү сынган. Учак Орусиянын Красноярск шаарынан Ошко келип эки ирет конууга аракет кылган, бирок аба ырайынын начардыгынан улам Бишкектеги "Манас" аэропортуна конууга аргасыз болгон. Кайра 7:00 чамасында Ошко сапар алган.