“Манас” Эл аралык аэропортунда Бишкек-Ош каттамы кечээ, 22-ноябрда кечинде жандана баштады. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда аталган мекемеден SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалым болгондой, 22-ноябрда таң аткандан баштап саат 20:00гө чейин Ош шаарына кетчү каттамдар токтотулган. Саат 20:00дөн 21:30га чейин учактар эки тараптуу учуп-конгон. Ушундай эле маалыматты Ош аэропортунан тастыкташты. Бүгүн авиакаттамдар өз нугунда аткарылууда.
Айта кетсек, 22-ноябрда таңкы саат 7:56 чамасында 148 жүргүнчүсү менен Орусиянын Красноярск шаарынан Ошко сапар алган учак Ош аэропортуна конууга аракет кылып жатканда конуу тилкесинен чыгып кырсыкка кабылган. Учакта жалпы 148 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү бар болгон. Кырсыктын натыйжасында 6 адам жаракат алды.