Быйылкы жылдын 10 айында Нарын облусунда 514 600 тонна көмүр өндүрүлдү. Экономика жана өнөр жай министрлигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын билдиришинче, облуста жыл башынан берки казылган көмүр былтыркыга салыштырмалуу 99 900 тоннага көп жана Нарында азыркы учурда 14 ишкана көмүр казуу менен алектенүүдө. Акыркы 5 жылда өндүрүлгөн көмүрдүн көлөмү 3 эсе өскөнү айтылат маалыматта.
2010-жыл | 2011-жыл | 2012-жыл | 2013-жыл | 2014-жылдын 10 айы | 2015-жылдын 10 айы |
184,0 тонна | 335,6 тонна | 379,8 тонна | 412,1 тонна | 414,7 тонна | 514,6 тонна |