Өлкөдө 10 айда тирүү малдын салмагы 7,4 миң тоннага көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда маалымат жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Агромаркетинг жана азык-түлүк коопсуздук саясаты башкармалыгынын жетекчиси Жумабек Асылбеков билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында республикада багылган малдын жалпы салмагы 268,5 миң тоннаны түздү. «Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,4 миң тоннага же 2,9 пайызга жогорулады. Эттин көбөйүшү өлкөдөгү чочкодон тышкары башка малдын санынын өсүүсүнө байланыштуу»,- деди Асылбеков.