Мамлекеттик чек ара кызматы 2015-жылда аткарылган иштер боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу 23-ноябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Анда Чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев чек арадагы чыр-чатактардын азайганын айтып өттү. Маалыматка караганда, бул жылы кыргыз-тажик чек арасында 9 жаңжал чыккан. Ал эми 2014-жылы көрсөткүч 32ге барабар болгон эле.
"Биздин негизги максатыбыз - кооптонуулар жана чакырыктарга өз убагында көңүл буруу үчүн чек ара бөлүктөрүндөгү мобилдүүлүк жана оперативдүүлүктү күчөтүү. Ошондуктан чек ара тозотторундагы өздүк курамды окутуу менен техникалык жактан камсыздоого өзгөчө маани беребиз",- деди ал.