2015-жылы Талас облусунда сүт өндүрүү азайган. Муну бүгүн, 23-ноябрда маалымат жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Агромаркетинг жана азык-түлүк коопсуздук саясаты башкармалыгынын жетекчиси Жумабек Асылбеков билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан алганда кыргыз жергесинде быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында сүт чыгаруу 29,7 миң тоннага же 2,6 пайызга көбөйгөн.
«Быйыл өлкөдө өндүрүлгөн сүттүн жалпы көлөмү 1161,1 миң тоннаны түздү. Тилекке каршы, Талас облусунда план 98,7 пайызга гана аткарылды. Быйыл 58,9 миң тонна сүт чыгарылды. Былтыркы жылдын ушул маалы менен салыштырганда 788 тоннага азайган. Анын негизги себеби болуп аталган аймакта уй башынын азаюусу саналат. Ошол эле маалда өлкө боюнча уйдун саны бир топ көбөйгөн»,- деди ал.