Ош аэропортунан Боинг 737 учагынын кырсыкка учурашынын себеби учактын "кара кутучасы" изилденип бүткөндөн кийин билинет. Мындай пикирди бүгүн, 23-ноябрда маалымат жыйынында транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев билдирди.
Анын айтымында, 22-ноябрда кырсыкка учураган учакта жалпы 154 жүргүнчү, алардын алтоосу экипаж мүчөсү болгон. Алардын ичинен кош бойлуу аял жеңил жаракат алды. "Боинг 737 учагы 1991-жылы чыгарылыптыр. Аны оңдоого болбойт, жараксыз абалга келди. Кырсыктын негизги себеби катары азырынча катаал аба ырайы, тилкеге катуу конуу жана адамдык фактор каралууда. Жалпысынан алты адам жабыркап, алардын төртөөсү ооруканага жаткырылды. Кырсыкка байланыштуу учурда КМШ өлкөлөрү боюнча эл аралык авиациялык комитет түзүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө",- деди министр.