Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу планынын негизинде мугалимдерге ай сайын ачык сабактар өтүлөт. Аталган семинардын максаты мугалимдердин өз ара тажрыйба алмашуусу болуп саналат.
Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, семинарга шаардын бардык мектептеринен график боюнча кезек-кезек менен 3 же 4төн мугалим катышат. Аталган семинарга жалпысынан 112 мугалим катышып, математика жана окуу сабактары өтүлдү. Сабак учурунда мугалимдер өздөрүн окуучулардын ордуна коюшту. Сабак өтүлүп бүткөн соң мугалимдер тарабынан суроолор, сунуштар айтылып, талкуу жүргүзүлдү.